Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровду Кытайда кантип тосуп алышты? Сүрөттөр сүйлөсүн

Мамлекет башчынын учагы кечээ Кытайга конду

Президент Садыр Жапаров кечээ, 18-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына (КЭР) келди.

undefined

Мамлекет башчынын учагы Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортуна конду.

undefined
Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

undefined
Президент Садыр Жапаровду жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы КЭР маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды.
Ушул эле жерде жогорку даражалуу коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды.

undefined
Эске салсак, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы «Борбор Азия-Кытай» саммитинин ишине катышат, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушуулар жана башка расмий иш-чаралар пландалууда.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Кытайдын үч шаарында - Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх