Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров иш сапары менен Сочиге келди

Делегациянын курамына кимдер кирген?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕАЭБ) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Сочи шаарына учуп келди.

Министрлер кабинетинин төрагасын Россиянын Краснодар крайынын губернаторунун орун басары Александр Руппель, Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын КМШнын уставдык жана башка органдарындагы туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси-өкүлү Айдай Өмүркулова тосуп алды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 7-9-июнунда Россиянын Сочи шаарында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны, III Евразиялык конгресстин отуруму, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын II форуму жана "Евразия биздин үйүбүз" көргөзмөсү өтөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх