Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Кырсык 14 адамдын өмүрүн алган
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эскерте кетсек, кызыл жалын токой чарбасынын 14 кызматкеринин өмүрүн алган. Мамлекет башчысы маркумдарды «Курмет» ордендери менен сыйлады. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев өкмөткө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Фото www