Сот мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду үй камагына чыгарды
Ал алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган
Сот мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду үй камагына чыгарды. Мындай чечимди 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган.
"Мурда айыпталуучуга карата чыгарылган камакта калтыруу чечими 2023-жылдын 24-июнуна чейин үй камагына чыгаруу менен өзгөртүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз