Министрлер кабинети Мегаком уюлдук компаниясынын акцияларын 14,6 млрд сомго сатыкка койду
Баштапкы суммасы - 14 миллиард 600 миллион сом
"Альфа-Телеком" (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду. "Альфа-Телеком" ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы - 14 миллиард 600 миллион сом.
Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт.
Арыздар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт.
Арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.
Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Фото www