Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин эки депутаты жасалма дипломдорунун айынан мандаттарынан ажырады

Бүгүн БШК чечим кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов мандатынан ажыратылды. Мындай чечим бүгүн, 6-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, алардын диплому жасалмаланганы аныкталган. Билим берүү министрлигинин комиссиясы Алимжановдун диплому одоно мыйзам бузуулар менен берилгенин, ал Кыргызстанда болбогондуктан мамлекеттик экзамендерди тапшырбаганын аныктаган.

Министрдин биринчи орун басары Уланбек Усековдун айтымында, Фархат Исмаилов КУУга кабыл алынган эмес.

Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен депутат болуп шайланган, ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» фракциясынын тизмеси менен мандат алган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх