Кыргызстандын Конституциялык соту матчество боюнча өзүнүн чечимин кайра карап чыкты
Маселени кайра карап чыгуу боюнча сунуштама Конституциялык соттун төрагасы Өскөнбаев Эмил Жолдошевичтен түшкөн
Кыргызстандын Конституциялык соту матчество боюнча өзүнүн чечимин кайра карап чыкты. Маселени кайра карап чыгуу боюнча сунуштама Конституциялык соттун төрагасы Өскөнбаев Эмил Жолдошевичтен түшкөн. Эскерте кетсек, 2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот кыргызстандык активист Алтын Капалованын кайрылуусун карап чыгып, жашы жеткендерде атасынын же энесинин ысымын алуу укугу болушу керек деген чечим чыгарган. Ошол эле маалда сот активисттин уулунун паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздыруу боюнча өтүнүчүн бала кийин кодулоого кабыл болушу мүмкүн деп баш тарткан.
Жарыяланган бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратып, мындай чечимге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, муфтий Замир Ракиев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев каршы чыккан.
2023-жылдын октябрь айында Конституциялык сотко Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укук берүү каралган.
Жыйынтыкта, кечээ, 9-ноябрда Конституциялык сот матчество боюнча чечимин карап чыгып, «бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот» деген жерин алып салды.
Чечимде «матчество институтун киргизүү коомдун басымдуу бөлүгү тарабынан терс кабыл алынганы, муну алдын ала боолголоого мүмкүн болгон эместиги” айтылат.
«Соттун бул позициясын көпчүлүк кыргыз элинин адеп-ахлагына, баалуулуктарына жана каада-салтына шек келтирген терс көрүнүш катары кабыл алынганына байланыштуу коомчулукта резонанс жаратты», - деп белгиленет документте.
Фото www