Ырчы Элмурат да УКМКга чакырылды
Ал Адахан Мадумаровдун жээни экени белгилүү
Адахан Мадумаровдун жээни, ырчы Элмурат Калыбеков дагы УКМКга чакырылды. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан ырасташты.
Алардын айтымында ырчы бүгүн, 13-ноябрда, саат 15:00гө чакырылган.
Калыбеков өзү, ага телефон чалуу болуп, СИЗО-1де камакта жаткан Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча УКМКга келишин талап кылышканын айткан.
Эскерте кетсек, буга чейин ошол эле Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча журналист Канышай Мамыркулова дагы УКМКга чакырылганы белгилүү болгон.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз