Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Раим Матраимов менен чогуу тартылган видео боюнча үн катты

“Эски видеону таратып, менин аброюма шек келтирүүгө аракет болуп жаткандай”

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу социалдык тармактарда тараган анын Раим Матраимов менен чогуу тартылган видеосу боюнча үн катты. Эл өкүлү Фейсбуктагы баракчасында айрым жарандар анын аброюна шек келтирүүгө аракеттенгендей, тактап айтканда эски видеолорду таратып ар кандай талкууга жем салып жатканын айткан.

- Биздин коомдук, саясий, спорттук жана маданий иш-чараларыбыз көп учурда ар түрдүү инсандарды бир дасторкондун айланасына чогултаарын ким тана алат.

Мындай иш-чараларга катышуу менен кандайдыр бир мыйзамсыз иштерге катышууну так айырмалоо керек. Мен өз ишмердүүлүгүмдө ар дайым ачыктыкты жана мыйзамдуулукту жактап келгем. Эгерде кимдир-бирөөнүн жеке мен боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге байланышы бар деген далилдери бар болсо, анда бул дооматтар ачыкталып, ал компетенттүү органдар тарабынан кылдат текшерилиши керек.

Биздин укук коргоо системабызда ар кандай мыйзамсыз байланыштарды, кылдат текшерүү жана аныктоо үчүн бардык керектүү технологиялар бар.

Мен ар дайым диалогго ачыкмын жана журналисттердин бардык суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Бирок менин атымды каралоо үчүн эски видеолорду негизсиз колдонуу туура эмес, коомдук диалогго да бул зыян десем жаңылбайм.

Сөзүмдүн аягында өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы дооруна кадам таштаганын баса белгилегим келет. Мына ушул бурулуш учурда биз саясатчылар жана катардагы жарандар катары расмий бийлик тарабынан белгиленген демилгелерди жана багытты колдоого алышыбыз керек, - деп жазган депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда эл өкүлдөрү Алишер Козуев, Жусупбек Коргонбай уулу, мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев жана Раим Матраимовдун бир үстөл үстүндө отурган видеосу тараган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх