Ош шаардык кеңешинин депутаттары түштүк калаанын мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү
38 депутат “макул” деп добуш берген
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.
Эл өкүлдөрү алар кабыл алган токтомдордун аткарылбай жатканына нааразы экени белгилүү болду.
Шаар мэрине ишеним көрсөтпөө маселеси добушка коюлуп, жыйынтыгында 38 депутат “макул”, 3 депутат “каршы” добуш берген.
Жыйынга мэр Бакытбек Жетигенов өзү катышкан эмес. Мэрдин ордуна депутаттардын алдына вице-мэрлер Сонунбек Жунусбаев менен Замир Юсупов чыгышмак, бирок эл өкүлдөрү аларга сөз бербей коюшканы маалым.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз