Жогорку Кеңештин депутаттары салыктан карызы бар жарандарды өлкөдөн чыгарбоо боюнча мыйзам долбоорун четке кагышты
44 депутат “макул”, 9у “каршы” добуш беришкен
Бүгүн, 15-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунда салыктан карызы бар кыргызстандыктардын чет өлкөгө чыгышына бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоору каралган.
Тагыраагы, 100 миң сомдон көп суммада төлөбөгөн жарандарга ушундай чара колдонуу сунушталган. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттары 44 “макул”, 9 “каршы” менен аны четке кагышты. Белгилей кетсек, эгерде долбоорду 46 эл өкүлү колдоп бергенде ал өтүп кетмек.
Депутат Сүйүн Өмүрзаков калктын аялуу катмары карыздарынан кутулуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетерин айтса, Шарапаткан Мажитова бул чектөө көп кыйынчылык жаратарын белгилеген.
Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова мындай механизм учурда дагы иштеп турганын, азыр мыйзамдык жагы жөнгө салынып жатканын айтты. Анткени буга чейин Конституциялык сот "тышка чыгууну чектөө процедурасы күмөн жаратат" деген чечим чыгарган.
Фото www