Журналист Гүлжан Шерипбаеванын камалганы айтылды
Ал массалык баш аламандыктарды уюштурган деп айыпталууда
NazarNews басылмасынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева камакка алынды. Алдын ала маалыматка ылайык, кечээ сот журналисттин баш коргоо чарасын тандаган
Эске салсак, кечээ социалдык тармакта Гүлжан Шерипбаева өзү УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганын жазган.
Айрым маалыматтарга караганда, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин массалык баш аламандыкка чакырee беренеси боюнча айыпталууда.
Мындан бир ай мурун Маданият министрлиги Nazarnews.org сайтын Акылбек Жапаров тууралуу макаладан улам эки айга жаап салган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз