Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы аяктады
Ага Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын парламенттик делегациялары катышты
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын алкагында Бишкекте өтүп жаткан КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өз ишин жыйынтыктады.
Күзгү сессиянын ишине Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын парламенттик делегациялары катышты.
16-17-ноябрь күндөрү күзгү сессиянын алкагында КМШ ПАА Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ Жаштар Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны болуп өттү. Ошондой эле, КМШ ПААнын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиялары иш алып барды.
Мындан сырткары, шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары жана депутаттары Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына, ошондой эле көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияларга катышты.
Фото www