Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Беларуска жөнөп кетти

Ал ЖККУ ЖККнын кезектеги сессиясына катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен Беларусь Республикасына жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сессия Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтөт.
Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
- Кыргызстандын Беларустагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев;
- коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх