Акылбек Жапаров: Пенсиялык саясат өзгөрөт
Кабминдин башчысы социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу отчетту кароо алкагында социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду.
«Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада, 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшырып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, бул максатта 2 млрд сом каралды», - деди ал.
Акылбек Жапаров кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пенсия орточо 38%га көтөрүлдү. Анын айтымында, пенсиялык саясат өзгөрөт. Мамлекетке тиешелүү чегерүүлөрдү жасабай жүргөн жарандарга мындан ары жөлөкпул гана берилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы билим берүү тармагында реформалар жүргүзүлөрүн баса белгиледи.
« Өлкөдө мектепке чейинки билим берүүдө саясат өзгөрдү: лицензия алуу токтотулду, өкмөттүк акселератор менен үй тибиндеги бала бакчалар ачуу кеңири жайылды. Санитардык-эпидемиологиялык талаптар жөнөкөйлөштүрүлдү. Уктоочу бөлмөлөрдү оптималдаштырган пилоттук долбоор башталды, ага 122 миң баланы камтууга болот. Жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат, ага 40 миңден ашык бала барат, 5 миңден ашык тарбиячы туруктуу жумушка ээ болот. Бир сменде окуган мектептерде мектепке чейинки топтор ачылат, ага 73,5 миң бала камтылат. Жаңы бала бакчалар салынат», - деди ал.
Акылбек Жапаров 3 жыл аралыгында 214 мектеп жана кошумча имараттар курулганын белгиледи. Быйыл авариялык абалдагы 100 мектепке 7 млрд сом бөлүнгөн. Быйылкы жылдын 22-ноябрына карата 72 мектеп пайдаланууга берилди.
Министрлер Кабинетинин башчысы саламаттыкты сактоо тармагында аткарылып жаткан иштерге токтолду.
2022-жылы саламаттык сактоо тармагы үчүн 207 атайы жабдуу сатылып алынган. 335 автоунаа: 218 тез жардам, 117 санитардык унаа алынды. 2023-жылы 30 медициналык объектте курулуш иштери жүрдү: облустук ооруканалар жаңырды, перинаталдык борборго 152 млн сом жумшалды.
Быйыл биринчи жолу Кыргыз-түрк ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалды, Президенттин фондунан атайын жабдууга 1 млн АКШ доллары бөлүндү. Медицина жаатында 101,2 млн АКШ доллар гранттык колдоолор болду. “Кыргыз фармация” ишканасы түзүлдү, анын максаты – мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу. Ведомствого 1 млрд сом бөлүнгөн, учурда 600 млн сомго дары-дармектер алынды, фармацевтикалык заводдор менен түз келишимдер түзүлүүдө.
Фото www