Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү
"Электрондук документтерди телефондон да көрүүгө болот"
Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Акылбек Жапаров жыйында өлкөдөгү санариптештирүү тармагында жүргүзулүп жаткан иштерге токтолду.
Ал мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ири багыты – мамлекеттик башкарууда санариптештирүү экендигин айтты.
- Толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттүк, бардык чечимдер санарип форматка өткөрүлөт. Маселен бир депутаттын кайрылуусун системада кимдин колунда экенин көрүүгө болот. Мамлекеттик кызматтар санариптик форматта реалдуу ишке кирди. Түндүктүн мобилдик тиркемелери, справкалар, санариптик документтер, банктардын тиркемелери, каттоо, электрондук нотариат кеңири кирди. Ал гана эмес электрондук документтерди телефондон көрүүгө болот, - деди Акылбек Жапаров.
Фото www