Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Бишкекте ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушун текшерүүгө алды

Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет

Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-ноябрда Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарга берүү максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн пландан тышкары инспекция кылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

undefined
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына көп кабаттуу үйлөрдүн он бири толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганы маалымдалды.
Алагозовдун айтымында он бир көп кабаттуу үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар.
Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет
Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх