Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге Алматыдагы өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

30-ноябрда таң эртеде хостелден чыккан өрттөн 13 киши каза болуп калганы белгилүү болгон

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“30-ноябрда Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, 30-ноябрда таң эртеде хостелден чыккан өрттөн 13 киши каза болуп калганы белгилүү болгон.
Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, үч кабаттуу имаратта 72 киши болгон. Алардын ичинен 59 адам өз алдынча качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Дагы үчөө ооруканага жеткирилгени айтылды

Өрттү өчүрүү үчүн 13 техника тартылып, 46 өрт өчүрүүчү иштеди. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх