Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Дубайда өтүп жаткан климаттын өзгөрүшү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышууда

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Дубай шаарындагы климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин ачылыш аземине катышуу үчүн “Expo City Dubai” көргөзмө борборуна келди.

undefined

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышууда, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭнин президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.
Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментинде улуттук билдирүү жасайт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх