Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Жалал-Абадда эл аралык аэропорт курулат

Анын айтымында, Жалал-Абаддан дүйнөнүн каалаган жерине учууга болот

Келерки жылы Жалал-Абадда эл аралык аэропорттун курулушу башталат. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү эл менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абаддан дүйнөнүн каалаган жерине учууга болот.
«Москва, Дубай жана Стамбулга каттамдар ачылат. Учурда адистер келечектеги аэропорттун долбоорун даярдап жатышат», - деди Ташиев.

УКМКнын башчысы ошондой эле шаардагы абак бузулуп, анын ордуна облустук акимчилик, мэрия, сквер, сейил бак курулаарын билдирди.
Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарына олимпиадалык резерв мектебин куруп, борбордук стадионду реконструкциялоону пландап жатышат.

«Шаардын бардык көчөлөрү оңдолот. Жалал-Абад республикадагы эң үлгүлүү шаарга айланат», - деп кошумчалады Ташиев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх