Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Акыркы жылдарда медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсе жогорулатылды

Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча маалымат

Акыркы жылдарда медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсе жогорулатылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдарга чейин 2011-жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаган.

2021-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы 100%га жогорулады.
Андан кийин, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары орто эсеп менен 50%га жогорулатылып, баардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр (айыл жергеси, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар ж.б.) сакталып калат жана кызматтык маянага кошулат.

Саламаттык сактоо системасында иштеген стажысы үчүн кошумча төлөм стажыга жараша:
5 жылдан 10 жылга чейин 10%
10 жылдан 15 жылга чейин 20%
15 жылдан ашык 30% өлчөмүндө

Эскертүү: кенже тейлөөчү персоналдан тышкары

Квалификациялык категория үчүн үстөк сакталып калат жана негизги маянадан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория – 50%;
- I квалификациялык категория – 30%;
- II квалификациялык категория – 10%.

Ошондой эле, ординаторлор үчүн эмгек маяна жаш дарыгер катары үстөксүз жана кошумча төлөмдөрсүз (эмгек стажы, категориясы үчүн ж.б.) эсептелинет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх