Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

“Сиз Мамлекет башчысы катары олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз”

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз Мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө Сиздин жеке салымыңыз жогору бааланат.

Сиз Россиянын жетекчилигинин эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарында активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх