Бишкекте Адахан Мадумаровдун соту башталды
Сот жабык эшик артында өтүүдө
Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон ишти маңызы боюнча кароону баштады.
Жыйынга судья Мирбек Сатарбек уулу төрагалык кылууда.
Сот жабык эшик артында өтүүдө.
Эске салсак, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Мадумаровго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Саясатчы 2-сентябрда кармалган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз