Эл өкүлдөрү Нарматова менен Мажитова Женевага болгон сапары тууралуу үн катышты
"Биз Европага токчулуктун символу катары бардык"
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Женевага (Швейцария) болгон иш сапары тууралуу маалымат билдирди. Анын айтымында ал «Туруктуу жана жагымдуу улуттук статистикалык система» долбоорунун алкагында «Комплекстүү өлчөө, аныктоо, иштеп чыгуу, гармониялуу жакырчылык статистикасынын индикаторлорун түзүү» эл аралык семинарына катышты.
Эл өкүлү семинарда кандайдыр бир эксперт Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли тууралуу туура эмес маалымат бергенин айтты.
«Ал биздин мамлекетте жакырчылыктын деңгээли 32,8 пайызга жеткенин айтып, бизди Тажикстанга теңеп койду. Ошол эле учурда Өзбекстан менен Казакстанды улам мактап жатты. Бул эксперт мен ушул убакка чейин күрөшүп келген бейөкмөт уюмдардын бири экен. Алар ушундан акча табышат да. Ар бир мамлекет аларга айлык төлөйт, ким көп төлөсө, ал макталат. Ошондуктан ал жерде да туура эмес маалыматтар айтылды. Бирок Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары туура маалымат берүү менен аларды өз ордуна коюп койду, мен ага абдан ыраазы болдум”, - деди Надира Нарматова.
Белгилей кетсек, ноябрь айында Улуттук статистика комитети тарабынан 2018-2022-жылдарга карата “Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли” статистикалык жыйнагы жарык көргөн, анда Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 22,4 пайыздан (2018-жылы) 33,3 пайызга (2022-ж.) өскөндүгү айтылган.
Эске салсак, 27-ноябрда Надира Нарматова менен Шарапаткан Мажитова Женевада БУУ тарабынан уюштурулган “Комплекстүү өлчөө, идентификациялоо, жакырчылыктын гармониялуу статистикасынын индикаторлорун иштеп чыгуу жана түзүү” эл аралык семинарына катышты. Бирок, семинарга бир-эки күн калганда Нарматова алдыдагы сапары тууралуу маалыматты четке каккан эле.
Фото www