Садыр Жапаров журналисттерге быйыл дагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын бербейт
Президенттин басма сөз катчысы себебин түшүндүрдү
Президент Садыр Жапаровдун жыйынтыктоочу маалымат жыйыны быйыл дагы болбойт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, президенттин жаңы жыл алдындагы графики өтө жыш болууда.
«Алдыда Элдик Курултай, өлкө ичинде жана чет элдик сапарлар турат. Жылдын аягында министрлер кабинетинин жыйыны пландалууда», - деди Алагөзов.
Эске салсак, өткөн жылы да президенттин журналисттер үчүн салттуу жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болгон эмес.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз