Мирбек Шамырканов Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалды
Тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду
Мирбек Шамырканов Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз