Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Башкы прокурору эки жаңы орун басарлуу болду

Тиешелүү буйруктарга президент кол койду

Кыргызстандын башкы прокурорунун эки жаңы орун басарлары дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Атап айтканда, Мирбек Расулов Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору болуп дайындалды.
Буга чейин бул кызматты Сагындык Мукашов аркалап келген. Президенттин буйругу менен ал Башкы прокурордун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Садыр Жапаров койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Улан Айтбаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун жаңы орун басары болуп дайындалды.
Ал бул кызматка Курманбек Токтокуновдун ордуна келди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх