УКМКнын башчысы Садыр Жапаровду экинчи президенттик мөөнөткө барарын кыйытып, аны колдоого чакырды
Камчыбек Ташиев ооруканадан мамлекет башчысынын Курултайда айткан сөзүнө комментарий берди
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, анда президент Садыр Жапаровдун экинчи президенттик мөөнөткө барарын кыйытып, аны колдоого чакырды. Ташиев мамлекет башчысынын Элдик Курултайда айткан сөзү боюнча өз пикирин билдирди.
- Урматтуу мекендештер! Эми гана өзүмө келдим, 3 күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөрдүм. Ажообуздун Элдик курултайда мен жөнүндө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюуну чечтим.
Биринчиден, президентибиз туура айтты эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган. Ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат буюруса, — деп жазган ал.
Фото www