Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

15-январдан тарта Бишкекте жеке клиникалар, мектептер жана бала бакчалар текшерилет

Ошондой эле, коомдук тамактануучу жайларды текшерүүнү кайра баштоо пландалууда

15-январдан тарта Бишкек шаарындагы жеке менчик медициналык клиникаларды, тиш доктурларды, мектептерди жана бала бакчаларды текшерүү жанданат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен жеринен тышкаркы жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө сасык тумоо, ОРВИ, вирустук гепатит, кызамык ж.б. оорулардын көбөйүшү боюнча маселелер көтөрүлдү.
«Отурумдун жыйынтыгында 2024-жылдын 15-январынан баштап медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке менчик медициналык клиникаларды, борборлорду жана стоматологиялык кабинеттерди, жеке бала бакчаларды жана мектептерди талаптарга ылайык аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү кайра баштоо сунушталды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жана эмдөө карталарынын болушуна байланыштуу», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коомдук тамактануу жайларында санитардык китептердин бар-жогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүлөр пландалууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх