Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келет
Садыр Жапаров Түркиянын Тышкы иштер министри менен сапарды талкуулады
Президент Садыр Жапаров кечээ, 9-январда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды. Тараптар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалган иш сапарын, анын алкагында эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин жыйынын өткөрүү маселесин талкуулашты.
Мындан сырткары, тараптар ошондой эле көп тараптуу кызматташуунун дагы бир катар маселелерин, анын ичинде саламаттыкты сактоо, энергетика жана каржы секторлорунда, ошондой эле аймактык коопсуздукту талкуулашты. Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эки өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен аракеттеринин аркасында акыркы жылдары өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүдө олуттуу натыйжаларга жетишкенин баса белгиледи.
Фото www