Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Эквадорго барбоону сунуштайт

Кито шаарында кылмыштуу топтор менен Эквадордун укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулар орун алууда

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Эквадорго барбоону сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Эквадордун Кито шаарында уланып жаткан баш аламандыкка байланыштуу кылмыштуу топтор менен Эквадордун укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо Кыргыз Республикасынын жарандары да жок.
2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Д.Нобоа бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 5.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта жалпы өлкөгө барбоону сунуштайт.
Ошону менен бирге Министрлик өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Министрликтин Консулдук департаментинин: +996 999 312 002 жана Элчиликтин: +1 202 256 2924 түз байланыш телефондоруна кайрылса болорун эскертет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх