Арстан Алайдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду
Ишти Аскер прокуратурасы тергеп баштады
Башкы прокуратура “Арстан Алай” аты менен белгилүү болгон Арстанбек Абдылдаевдин абактагы өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органдын текшерүүсүндө Жаза аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызматкерлери “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын аткарбаганы аныкталган.
- Айыпкер Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктөн 2024-жылдын 5-январында 31-мекемеде Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды, - деп айтылат маалыматта.
Жооптуу кызматкерлерге Кылмыш жаза кодексинин 348-беренеси (“Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун”) менен кылмыш иши козголду. Учурда ишти Аскер прокуратурасы тергеп баштады.
Эске салсак, Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде асылып каза болгон.
Фото www