Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Ташиев менен жолукту
Буга чейин ал «Манас айылы» этнографиялык комплексинин айланасындагы жаңжалдан улам өлкөдөн чыгып кеткен
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында өзү билдирди.
Ал ошондой эле УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолукканын жазган.
«Камчыбек Кыдыршаевич Манасты эл баатыры катары даңазалаш керек деген пикирде экенин угуп сүйүндүм. Ал Манастын эстеликтери азырынча жок үч облуска (Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абадда) орнотуу идеясын колдоп, иш жакында башталаарын билдирди», — деп жазган Сыдыков.
Эске салсак, манасчы Дөөлөт Сыдыков 2022-жылдын май айында “Манас айылы” этнографиялык комплексинин айланасындагы жаңжалдан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Андан соң манасчы ар тараптан кысым болуп жатканын билдирди.
Фото www