Камчы Көлбаевдин эки унаасы УКМК менен президенттик администрацияга өткөрүлүп берилген
Унаалар мамлекеттик органдардын кайрылуусунан соң берилгени айтылды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик УКМКга жана президенттик администрацияга 2023-жылдын октябрь айында жок кылынган Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунааны тапшырган. Мындай маалыматты Kaktus.media сайты аталган башкармалыктын басма сөз кызматына таянуу менен жазып чыкты. Белгиленгендей, унаалар мамлекеттик органдардын кайрылуусунан соң берилген.
Алсак, 2019-жылы чыгарылган 1 миллион 150 миң сомдук Kia Rio X-Line унаасы УКМКга өткөрүлүп берилген.
Ал эми 2017-жылы чыгарылган 25,5 миллион сомдук Мерседес-Бенц S600 үлгүсүндөгү унаа президенттик аппаратка тапшырылган.
Унааларды мамлекеттин менчигине уюшкан Көлбаевдин үй-бүлөсү өткөрүп берген. Алар эки жолу аукционго коюлуп, бирок аукционго эч кандай билдирүүлөр түшкөн эмес. Калган төрт машина үчүн үчүнчү аукцион жарыяланганы маалым.
Фото www