Эльвира Сурабалдиева: Кыйын мезгилде биз журналисттерге жалдырайбыз
Депутат жалпыга маалымдоо каражаттары көрсөткөн колдоону эске салды
Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаевге кайрылып, оор кырдаалда аткаминерлер менен эл өкүлдөрүнүн өздөрү дайыма журналисттерге кайрылышканын эске салды.
«Менин оюмча, биз сынды конструктивдүү кабыл алышыбыз керек. Атамды өлтүргөндө мен маалымат каражаттарына кайрылып, журналисттерден коркпогула деп сурангам. Кыйын мезгилде биз журналисттерге жалдырайбыз. Азыр алар муну унутуп калышты. Буга кандай карайсыз, сиздин позицияңыз кандай?», -деп сурады ал Жоробаевден.
Ал КР Конституциясында жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн сөз эркиндиги сакталышы керек деп жооп берди.
«Мен кызматка киришээрим менен маселенин укуктук жагын изилдеп, акыйкатчыга сунуш киргизем», - деп ишендирди Жоробаев.
Эске сала кетсек, ушул аптада УКМК 24.kgнин редакциясында “Согушка үгүттөө” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзгөн. Эртеси күнү Ички иштер министрлиги тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыкка чакыруу» беренеси боюнча козголгон иш боюнча Темиров Live жана Айт Айт Десесинин азыркы жана мурдагы 11 кызматкери кармалды. Биринчи Май райондук сотунда журналисттердин баш коргоо чарасы каралып, алар Бишкектин 1-СИЗОсунда 2 айга камалды.
Фото www