Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болду
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду
Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет
- Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бапаев Чингиз Арстанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Азамат Кожомамбетов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз