Кыргыз журналисттердин жапырт кармалышы. Британиянын элчилиги билдирүү жасады
"Акыркы окуялар абдан тынчсыздандырууда"
Улуу Британиянын элчилиги Кыргызстандагы журналисттердин кармалышы боюнча билдирүү жасады.
«ЖМКга байланыштуу акыркы окуялар жана бир катар журналисттердин кармалышы чоң тынчсызданууну жаратууда. Кыргыз Республикасы ар дайым өзүнүн көз карандысыз маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги менен сыймыктанып келген.
Көз карандысыз маалымат каражаттары бардык иштеп жаткан демократиялык коомдор үчүн зарыл. Бардык өлкөлөрдө журналисттер элди кабардар кылууда жана коомдогу айкындуулукту жана ачыктыкты жайылтууда маанилүү роль ойношот. Биз бийликти журналисттерге эркин жана коопсуз иштөө шарттарын камсыз кылууга чакырабыз», — деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүктүн Instagram баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө.
Эске салсак, 15-январда 24.kg редакциясынын кеңсесинде тинтүү иштери жүрүп, андан соң маалымат агенттигинин жетекчилиги УКМКга суракка алынып кеткен. Атайын кызмат тинтүү иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси («Согушка үгүттөө») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында болгонун билдирди.
16-январда Темиров Live компаниясынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 11 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, сурактан кийин 48 саатка камакка алышкан.
Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан табылганын билдирип, бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
18-январда Биринчи Май райондук соту камактагы 11 журналисттин бардыгына эки айга № 1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
Фото www