Камакка алынган 11 журналисттин туугандары президентке кайрылды
«Алардын ар бири кыргыз элин, мекенин сүйгөн чыныгы патриоттор»
Темировдун Live жана Айт Айт десе агенттигини камактагы 11 журналистинин жакындары президент Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага, Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун директору Бакыт Рысбековко жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту.
- Биздин кайрылуубуздун себеби: 2024-жылдын 16-январь күнү таңкы саат 6:00 дө ИИМдин кызматкерлери келип, биздин балдарыбыз, 11 журналисттин үйлөрүн тинтип, «массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча» күбө катары алып кетишкен. Биз мындай чечимге макул эмеспиз. Тинтүү учурунунда 11 журналистке тиешелүү жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы уюлдук телефон, компьютер, ноутбуктарын алып кетишкен. «Массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча» айып коюп, 48 саат кармады. Бирок ошол эле күнү баш коргоо чарасы шектүү катары өзөртүлуп, 11 журналистти тең 13-мартка чейин 2 айга камады. Бирок журналисттер ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин ИВСте кармалып турат. Биздин балдарыбыз, жолдошторубуз, туугандарыбыз жалпысынан камакка алынган 11 журналист, эч качан массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан эмес. Алардын 11и тең журналист катары социалдык, экономикалык жана коррупциялык маселелерди гана чагылдырып, кыргыз элине чын ниети менен кызмат кылып келишкен. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү боюнча конструктивдүү ой-пикирлерди айтып жана массалык маалымат каражаттары аркылуу көтөрүп келишкен. Алардын ар бири кыргыз элин, мекенин сүйгөн чыныгы патриот уул-кыздар. Журналисттик ишмердүүлүгүндө ар дайым кыргыз элин биримдикке, ынтымакка чакырып келишкен. Айта кетчү нерсе, баардык 11 журналисттин тең жогорку билими бар, өз кесибин сүйгөн, өлкөбүздүн келечеги үчүн күйгөн, мыйзамдуулуктун диктатурасын орнотууга салымын кошкон, кадимки, карапайым уул-кыздарыбыз
. Биздин туугандарыбыз, 11 журналист – эч кандай саясий күчтөрдө турушпайт. Эч кандай коррупциялык иштерге малынган эмес. Алардын арасында ден-соолугу жана үй-бүлөлүк шартында маселеси бар инсандар бар.Мисалы:
1. Султаналиев Сайпидиндин ден соолугу начар, жүрөктүн стенокардиясы менен жабыркайт. Бир жолу инфаркт алган. 3 кичинекей баласы бар. Алардын бирөөнүн мүмкүнчүлүгү чектелген;2. Капаров Мааданбектин (Актилектин) кичинесинен башы жана бөйрөгү ооруйт. Үйүндө карыган ата-энеси бар;
3. Асыпбеков Тыныстандын атасынын 2-группадагы майыптыгы бар, карындаштары студент. Квартирада турушат. Уй-бүлөнүн жалгыз багуучусу.4. Акунбеков Сапардын бөйрөгү, башы ооруйт. Дайыма баш оорусуна дары ичип турушу керек. Окуя болгондон бери апасы дагы санаага батып, кайгыдан улам эски оорулары кармап жатат.
5. Орозбеков Акылбектин көзунун давлениясы бар, башы көп ооруйт, дары ичип турат. Жубайы кош бойлуу, 2,5 жашта кызы бар. Ата-энеси пенсияда, атасы 1-топтогу майып, Акыл үй-булөсүн өзү жалгыз багат.6. Айке Бейшекеева, болгону 23 жашта ,эч күнөөсү жок аталары, агалары Айкенин укугун коргоп берет деп ишенет.
7. Ишенбеков Азаматтын ден соолугу начар, давлениясы бар, кичинесинен көзү ооруп жакшы көрө албайт. Өз ата-энеси жок, чоң апасынын колунда турат. Чон апасынын жүрөгү ооруйт. Больницадан чыгарып берип салган, дарынын күчү менен жашайт. Азамат чоң энесин баккан жалгыз күч.8. Таажыбек кызы Махабаттын 11 жаштагы мектеп жашында баласы бар. Азыркы убакта жалгыз карап жатат.
9. Максат Таажыбек уулунун 2 жылдан бери ден соолугу начар, бөйрөгү, табарсыгы ооруйт. Атасы былтыр каза болгон. Үйдө бойго жете элек 3 өспүрүмдү жана апасын багат. Апасы башынан ооруп, кучтуу уколдорду алып жатат. Максат бул үй-бүлөнү багуучу жалгыз күч.10. Турдалиев Жумабектин атасы жок. Пенсиядагы энесин баккан бир үйдүн жалгыз баласы. Жумабектин өзүнүн ден соолугу начар. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кызы бар, экөө тең жаш.
11. Жоодар Бузумов 4 бир тууган, эки эжеси, бир карындашы бар. Ата-энеси пенсия курагында. Үйдө жалгыз эркек болгондуктан ата-энесин багуу Жоодардын мойнунда.
КРнын президенти Садыр Жапаров 2020 – 2021 жылдары президеттик шайлоо убагында талапкер катары, ошондой эле 2021-жылдын 15-мартында «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда: - «Кыргызстан демократиялык мамлекет болуп, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугу жана сөз эркиндиги сакталат» - деп бизди ишендирген сөзү бар эле. Ошол себептен, биз, 11 журналисттин туугандары, мыйсамсыз камалган 11 журналисттин конституциялык укугун коргоо менен, СИЗОдон үй камагына бошотуп берүүңүздөрдү суранабыз. Кармалган журналисттер мыйзамды сактап жана сыйлап келген инсандар. Кандайдыр бир күнөөсү болсо дагы, мыйзам алдында эч жакка качпай, жооп берүүгө даяр!, - деп айтылат кайрылууда.
Фото www