­
Эмил Жамгырчиев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмил Жамгырчиев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды

Депутат Эмил Жамгырчиев 26-февралга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды. Мындай чечимди кечээ кечинде борбордун Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Эл өкүлү өзү соттун чечимине макул эместигин, өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирди. Ал ошондой эле соттун чечимине каршы даттанарын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш башкы прокурорго депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда.

Буга чейин ага Өзбекстанда да кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх