Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылышты
“Ал жакта кимдер иштеп, кандай мугалимдер кыздарга эмнени окутуп жатат, бул белгисиз”
Бүгүн, 25-январда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Динара Ашимова Кыргызстандагы аялдар жана кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылды.
Эл өкүлү өлкө боюнча 109дан ашык медресе бар экенин белгилеп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтиятты медреселердеги сабактардын программасына жана мугалимдерге көңүл бурбай жатат деп сындады.
-Медереселердин жарымынан көбү кыздар менен аялдардын медресеси. Ал жакта кимдер иштеп, кандай мугалимдер кыздарга эмнени окутуп жатат, бул белгисиз. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия буга көңүл бурбайт. Ал жакта кыздар болгону теологиялык гана илим алып, башка сабактар, адистиктер окутулган жок. Ошондуктан, кыздар медреседен кийин кайда барып иштешин билбей, экстремисттик агымдарга кирип кетип атышат. Учурда ушундай коркунучтуу тенденция бар. Кандай сабактар өтүлүп жатат, кандай мугалимдер берип жатат? Анан медресени бүткөндөн кийин эле күйөөгө тийип кетип, ажырашуулар көп болуп жатат» — деди ал.
Фото www