Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин жаңы сайтына 40 миң доллар сарпталды

«Бул абдан чоң сумма. Жаңы сайт бул сумманын төрттөн бирине да арзыбайт»

Жакында эле Жогорку Кеңеште жаңы расмий веб-порталдын бет ачары болду. Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин айтымында, жаңы сайтты Ulutsoft компаниясы иштеп чыккан.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаңы сайтка 40 миң доллар (3 миллион 600 миң сом) сарпталганын билдирди.

«Бул абдан чоң сумма. Менимче, жаңы сайт бул сумманын төрттөн бирине да арзыбайт», - деди эл өкүлү.

Ал белгилегендей, веб-порталдын функционалдуулугу кээ бир жерлерде ыңгайлуу болгон болсо, кээ бир жерлерде тескерисинче болуп калган. Депутат жалпысынан сайттта олуттуу жаңылануулар жок экенин белгиледи Бекешев ошондой эле жаңы сайт көрүүсү начар адамдар үчүн таптакыр ылайыксыз экенин кошумчалады.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх