Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчынын орун басары Жоробаев БУУ БКБнын өкүлдөрү менен жолугушту

“Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары улантууга даяр”

Бишкекте Акыйкатчысынын орун басары Жанибек Жоробаев менен Бириккен улуттар уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсеси жана Борбордук Азия боюнча Аймактык өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Борбор Азиядагы кылмыштык сот адилеттиги боюнча Программасынын эл аралык координатору Джордж Абаджян жана Кыргызстандагы Программалык кеңсенин улуттук координатору Кубан Исмаилов катышты.
Кыргызстандын жарандарынын сот системасындагы жана пробация системасындагы укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы боюнча мониторингдин жыйынтыгы талкууланды. Анда араптар адам укуктарын коргоо жаатында өз ара кызматташууну күчтөндүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле адам укуктарын коргоо: сот адилеттүүлүгүнө жетүү, Кыргызстандагы сот системасын гумандаштыруу жаатындагы кызматташтыктын маанилүү экендиги жөнүндө сүйлөшүү болду.
“Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары улантууга даяр. Мониторингдин жыйынтыгын талдап чыккандан кийин аныкталган системалык маселелерди жоюш үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз”, — деп белгилеп өттү Жанибек Жоробаев.

Абаджян БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсеси эл аралык стандарттар менен КРнын мыйзамдарына ылайык пробация жана сот адилеттиги системасын жакшыртууга көмөк берүүгө даяр экендигин кошумчалады.
“Биз үчүн сот системасын гумандаштыруу боюнча өзүбүздүн салымыбызды кошуу маанилүү”, — деди Джордж Абаджян.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх