Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чиновниктер эс алуу аймагы үчүн бөлүнгөн жер тилкесин мыйзамсыз сатышкан

Бул боюнча “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Аламүдүн районунун аткаминерлери эс алуу аймагы үчүн бөлүнгөн жер тилкесин мыйзамсыз сатышкан.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн райондук эл депутаттар кеңешинин 1991-жылдын 16-майындагы токтому менен Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнө райондо жалпы аянты 5,7 гектар спорт шаарчасы бар эс алуу зонасы учун жер тилкеси бөлүнүп берилгени аныкталган. Бирок бул чечим кагаз жүзүндө калган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын милдетин аткаруучу жана башка кызмат адамдары менен өз ара сүйлөшүп алышып, 4,3 гектар аянтты ээлеген бул жер тилкесинин басымдуу бөлүгү, анын ичинде жайыт жана көлмөлөр жеке жактарга мыйзамсыз сатылып кеткен. Аталган жер тилкеси 2006-жылдын ноябрь айында 95 миң сомго сатылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336 "Коррупция" беренси боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх