Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кетти

Ал бул кызматка 2021-жылы шайланган

Кыргызстандын Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кетти. Бул тууралуу Футбол уюмунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сыдыков 29-январда Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюну тууралуу маалымат берип жаткан учурда кызматтан кетүү ниетин билдирген.

- Медербек Сыдыковдун билдирүүсүн эске алуу менен аткаруу комитети да коллегиалдуу орган катары өзүнүн жоопкерчилигин сезип, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды, - деп айтылат маалыматта.
Футбол уюмунун президенти жана аткаруу комитетинин учурдагы курамы Кыргызстандын футбол бирлигинин 19-февралда өтө турган кезексиз конгрессине чейин иштейт. Курултайда Футбол уюмунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

Белгилей кетсек, Медербек Сыдыков бул кызматка 2021-жылы шайланган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх