Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Кыргыз футбол союзунун башына келүүнү сунуштады

“Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө туруш керек”

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Кыргызстандын футбол союзун жетектөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал акыркы убакта өлкөдө футболду өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

« Ооба, акыркы убактарда тиешелүү шарттарды түзүп берип, ырааттуу каржылоону баштадык. Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым», - деди Жапаров.

Эске сала кетсек, кечээ күнү Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү чечимин кабыл алганын билдирген. Анын айтымында, бул эмоционалдык чечим эмес,ойлонулган кадам болгон. КФУнун аткаруу комитети да отставкага кетти. Бул Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия Кубогунан чыгып кетишинин фонунда болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх