Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимовдун 13 батирин сатуудан түшкөн акча кайда жумшалды?

МИКтин башчысы түшүндүрмө берди

Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго таандык 13 батирди сатуудан түшкөн каражат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалган. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Элдик” депутаттык тобунун бүгүнкү жыйынында билдирди.

Шыкмаматов Матраимовдун батирлерин сатуудан канча акча түшкөнүн ачыктаган жок.
Ал ошондой эле Райымбек Матраимовдун быйыл мамлекетке кайтарылган мүлктөрү да сатылып, бул каражаттар МИКтин уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалышы мүмкүн экенин белгиледи.

Эске салсак, кечээ УКМК Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларды түзгөн кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөнүн маалымдаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх