Акылбек Жапаров Түркияда ЖЭБдеги жарылуудан кийин дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды
Кабминдин төрагасы ушул күндөрү расмий сапар менен Түркиянын Анкара шаарында жүрөт
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул күндөрү расмий сапар менен Түркиянын Анкара шаарында жүрөт.
Эске салсак, учурда Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандык дарыланууда.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз