Садыр Жапаров Дубай шаарына барды
Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды.
Мамлекет башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана эмираттык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.
Фото www