Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК комитети “ЖМК мыйзамын” четке какты

Буга чейин “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки комитети биринчи окууда колдогон

Бүгүн, 13-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети четке какты.

Жыйында мыйзам долбооруна алты депутат добуш берип, алардын үчөө «макул», үчөө «каршы» болду.
Белгилей кетсек, буга чейин “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки комитети биринчи окууда колдогон.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх