Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугат

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 20-21-февралда Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

-Мамлекет башчысы Казань шаарында өтө турган «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат. Бул иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплиналар боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчулардын жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал спорт, компьютердик (e-sports) спорт түрүндөгү спорттук мелдештер топтому өткөрүлөт. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх